Кыргызстанда 2013-жылы 35 бала бакчанын имараты мамлекетке кайтарылган
Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков 16-майда Чүйдүн Сокулук районунун тургундары менен жолугушту. ЖКнын маалымат кызматынын билдиришинче, жолугушууда тургундар бала бакчалардын тартыштыгын айтышты. Жээнбеков былтыр Жогорку Кеңеште атайын токтом кабыл алынганын, анын негизинде 2013-жылы 35 бала бакчанын имараты мамлекетке
кайтарылганын айтты. "Убагында бала бакчалардын имараттары оңду-солду
таратылып кеткен. Бул элге кылган душмандык десем аша чапкандык болбос.
Биз мыйзамсыз берилип кеткен бала бакчаларды мамлекетке кайтара
баштадык. Келечек ээлери болгон жеткинчектерге, жаштарга жеткиликтүү
көңүл бурушубуз зарыл. Жакынкы аралыкта бала бакча, мектеп, социалдык объектилердин курулушун көбөйтөбүз",- деди төрага.