Жоомарт Оторбаев бүгүн, 17-майда Жалал-Абад облусунда иш сапары менен болот

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 17-майда Жалал-Абад облусунда иш сапары менен болот. Муну өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Өкмөт башчы Ала-Бука, Чаткал райондорун кыдырып, "Бозумчак" алтын кенин иштеткен "Казахмыс Голд Кыргызстан" компаниясынын иши менен таанышып чыкмакчы. Оторбаев "Иштамберди" алтын кенине жана "Кыргыз алтын" ишканасынын "Терек-Сай" филиалына да бармакчы. Иш сапарынын жыйынтыгында премьер Ала-Бука районундагы аскердик бөлүктө болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан