Өлкө аймагында өткөн сутка ичинде 13 өрт кырсыгы катталганын бүгүн, 17-майда ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 6, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 2 өрт кырсыгы болгон.
Токмок шаарындагы “Мүрөк” мал базарында жыгач устундуу, шифер жабылган, аянты 300 чарчы метр келген бастырма, ашкана түрүндө пайдаланылган 3 курулуш вагонунун жана ветеринардык дарыкананын бардык күйүүчү буюмдары күйгөн. Учурда ээлери такталууда. Өрт чыккан жерден 14 газ баллон жарылган.