16-майда Көлмө жаңы конушунда чыккан өрттөн 2 унаа күйүп, 4 жашар кыз бетинен жана колунан күйүк алды. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган жаңы конуштагы Жеткинчек көчөcүндөгү 74-үйдүн короосунда өрт чыгып, Тойота Эстима автоунаасы, гаражда токтотулган Мерседес автоунаасы жана аянты 24 чарчы метр келген гараж толугу менен күйгөн. Өрттүн натыйжасында үй ээсинин 4 жаштагы кызы Камила бетинен жана колунан күйүк алып, ооруканага жеткизилди.