Кыргызстанда эми чиновниктердин компаниялары мамлекеттик тендерлерге катыша албайт

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 17-майда "КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамга кол койду. Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 9-апрелинде кабыл алынган мыйзамга ылайык, чиновниктердин жана алардын жакындарынын компанияларынын мамлекеттик тендерлерге катышуусуна тыюу салынмакчы. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Айта кетсек, мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири - Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан