Асылбек Жээнбеков: "Энелер – өмүр булагы, үй-бүлө куту, жашоо жарыгы"

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков кыргызстандыктарды Энелер күнү менен куттуктады. Куттуктоодо булар айтылат: 
"Урматтуу энелер! Сиздерди Жогорку Кеңештин атынан Энелер күнү менен чын дилимден куттуктайм!

Энелер – өмүр булагы, үй-бүлө куту, жашоо жарыгы. Сиздер бар үчүн ар бир үй-бүлөнүн очогу күйүп турат, дүйнө бүтүн, өлкөбүз тынч, элибиздин көөнү ток. Ал эми энелер үчүн кам көрүү – биздин ыйык милдет.

Кыргыз эли абалтан эне наркын бийик тутуп келген. Энелер элибиздин нарк-насилин, каада-салтын көкүрөгүнө сактап, урпактан урпакка өткөргөн баа жеткис кенч болгон. Тагдыр чечер бурулуштар, кыл чайнашкан өткөөл мезгилдерде бардык кыйынчылыктарды энелер назик жүрөгү аркылуу өткөрөт.

Кадырман энелер, ардактуу апалар! «Бейиш эненин таман алдында» демекчи, сиздердин ак сүтүңүздөрдү, уул-кыздарды эрезеге жеткирген эмгегиңиздерди өмүрүбүз өткүчө актай албайбыз! Бул турмуш чындыгы.

Сиздерге бекем ден соолук, ачык маанай каалайм! Уул-кыз, небере-чөбөрөлөрдүн жакшылыктарын гана көрүңүздөр! Ар бир үйдүн төрүнүн көркү болуп, узак өмүр сүрүү менен бакубат жашаңыздар! Жараткан өзү жар болуп, ар бир кыргызстандыктын босогосунан бакыт аттап, энелердин мээримине бөлөнгөн наристелердин күлкүсү жаңырып турсун!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан