Шайлоо системин жакшыртуу боюнча жумушчу топтун кезектеги отуруму болуп өттү

Кечээ, 16-майда КРнын Президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаевдин төрагалыгы астында шайлоо системин жакшыртуу боюнча жумушчу топтун кезектеги отуруму болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 17-майда КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык-саясат бөлүмү кабарлады.

Отурумда Данияр Нарымбаев тарабынан Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсү боюнча Улуттук кеңешинин шайлоо системин жакшыртуу, 2015-жылдагы парламенттик шайлоонун, андан кийинки таза жана ачык шайлоолорду камсыздоо боюнча чечими сунушталып, шайлоо системин жакшыртуу боюнча жумушчу топтун мындан аркы ишин уюштуруу маселелери талкууланды.

Отурумду ачып жатып Данияр Нарымбаев Улуттук кеңештин эки отурумунун натыйжасында кабыл алынган чечим мыйзам чыгаруучу жана уюштуруучу чаралардын зарылдыгын талап кыларын айтты. “Улуттук кеңеш шайлоо системин жакшыртуу боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү-депутаттардан парламенттин кароосуна жумушчу топ иштеп чыккан “Кыргыз Республикасынын Президенти жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам чыгаруучу актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорлорун киргизүүнү өтүнөт”,- деди ал. Бул мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеште каралганда жумушчу топтун мүчөлөрү аталган мыйзам долбоорлордун парламенттен өтүү процесстериндеги бардык баскычтарынан эксперттик коштоо боюнча жардам көрсөтүү зарылдыгын белгиледи.

Президенттин аппаратынын жетекчиси жумушчу топтун мүчөлөрүнүн өкмөт тарабынан калкты бирдиктүү мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана биометрикалык маалыматты топтоо үчүн түзүлгөн республикалык штаб менен кызматташуу керектигин айтып, бул чара шайлоо процессине инновациялык технологияларды киргизүү жаатында Улуттук кеңештин чечимин ишке ашыруу үчүн зарыл болорун белгиледи.

Мындан тышкары Данияр Нарымбаев шайлоо системин жакшыртуу боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү-депутаттардан калк жайгашкан пункттар, көчөлөр жана аянттардын атын өзгөртүүгө мораторий киргизүү үчүн чара колдонууда көмөк көрсөтүүсүн суранды. “Шайлоочулардын максималдуу так тизмесин түзүү үчүн көчөлөрдүн жана калк жайгашкан пункттардын такталган реестрин жасоо керек”,- деди ал.

Отурумдун жүрүшүндө Жогорку Кеңешке саясий партиялардын шайлоо өтмөгүнүн өлчөмү боюнча маселе кеңири талкууга алынды. Талкуунун жүрүшүндө отурумдун катышуучулары өтмөктүн жогорку өлчөмү саясий партиялардын кеңейүү процесстерин стимулдаштырып, саясий талаанын өз алдынча бөлүнүп кетишине тоскоол жаратып, өз кезегинде партиялык системдин өнүгүүсү жана бекемдөөсү үчүн кызмат кылат деген бир пикирге келишти. Жолугушуунун жыйынтыгында Данияр Нарымбаев каралып жаткан маселелер боюнча акыркы чечимди Жогорку Кеңеш кабыл аларын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан