"Тоо-кен тармагы - экономиканын негизги кыймылдаткычы" деди Жоомарт Оторбаев

"Тоо-кен тармагы - экономиканын негизги кыймылдаткычы",- деп билдирди өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев бүгүн, 17-майда Ала-Бука районундагы "Бозумчак" алтын кенинин иши менен таанышуу учурунда. Айтымында, аталган кендин иштешинен жергиликтүү казынага жылына 1,2 миллион доллар киреше түшөт. Кен иштеткен компаниянын жетекчилигине жергиликтүү калктын социалдык көйгөйлөрүн чечүү үчүн өнүктүрүү планын иштеп чыгуу тапшырмасын берди. "Учурда бир катар тоо-кен ишканалары ишке берилүү алдында турат. Алардын эч кандай тоскоолдуксуз иштеши бизге зарыл. Жергиликтүү калк менен тоо-кен ишканаларынын ортосундагы түшүнбөстүк маалыматтын жоктугунан келип чыгат. Эл менен жолугушуп, аларга тоо-кен тармагын өнүктүрүүнүн зарылчылыгын түшүндүрүү кажет",- деди премьер-министр.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан