Бүгүн, 17-майда президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду.
Жогорку Кеңеш тарабынан 2014-жылдын 9-апрелинде кабыл алынган мыйзамдын максаты коомдун адеп-ахлактык, моралдык-этикалык принциптерин коргоо жана жарандарды бул маалыматтарды таратууга тыюу салуу жана администрациялык жоопкерчиликке тартуу жолу менен адепсиз мазмундагы маалыматтардан коргоо болуп саналат.
Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске, “Массалык маалымат каражаттары жөнүндө” жана башка мыйзамдарга тиешелүү түзөтүүлөр киргизилди.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.