Кытай. Алмазбек Атамбаевдин мамлекеттик иш сапары башталды

Бүгүн, 18-май күнү Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаевдин Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик иш сапары башталды. Бул күндү Кыргызстандын лидери алгач Шанхай шаардык пландоо музейинен баштап, аталган шаардын генералдык планы менен таанышты. 

Бишкек шаарынын чиновниктеринен айырмаланып, Кытайдын каржы-экономикалык борборлорунун бири катары эбегейсиз тездикте өнүгүп бара жаткан Шанхайдын генералдык планы шаардыктар үчүн да, коноктор үчүн да ачык.

Кыргызстандан барган делегация кучагына 24 миллион калкты батырган бул мегаполистин макети менен таанышышты. Макет аталган музейдин бир кабатын ээлеп, көз жоосун алчудай жасалган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан