* Мындан 66 жыл мурун, 1948-жылы Быстровка-Рыбачье багытында каттоочу поезд жүрө баштаган. Поезд Чалдыбардан баштап көл кылаасына чейинки калк жашаган аймактарды байланыштырып, өлкө экономикасын көтөрүү багытында маанилүү роль ойногон.
* Мындан 85 жыл мурун, 1929-жылы Токмок шаарынын жанынан селитра менен кара топурак запасынын ачылганы коомчулукка белгилүү болгон. Адистер селитраны аскердик максат үчүн, кара топуракты болсо жер семирткич катары талаага чачуу максатында колдонууну сунуш кылышкан.
* Мындан 23 жыл мурун, 1991-жылы Кувейт соту Саддам Хусейндин сүрөтү бар футболка кийип алганы үчүн бир кишини өмүр бою эркинен ажыраткан.
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы диаметри 3 чакырымга жеткен күчтүү куюн АКШнын Оклахома штатына ири кыйроолорду алып келген. 51 киши набыт болуп, 240 киши жаракат алган.
19-майда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.