Алмазбек Атамбаев Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик иш сапарынын биринчи күнүндө өлкөнүн лидери Си Цзиньпин менен Шанхайдагы мамлекеттик резиденцияда жолугушту. Кытайдын куралдуу күчтөрүнүн ардактуу кароолу сый көрсөтүп, мектеп жашындагы балдардын жылуу куттуктоосу Кыргызстандын президентин жылмайтты. Расмий жолугушууга эки өлкөнүн канайымдары да катышышты.
Бул жолугушууда кыргыз-кытай мамилесин дагы бекемдей турган 7 документке кол коюлду. Эң негизгиси эки өлкөнүн лидерлери кол койгон стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да терең өнүктүрүү боюнча декларация болду.
Эки өлкөнүн лидерлери Кыргызстан менен Кытайдын стратегиялык өнөктөштүгүн тереңдеп өнүктүрүү эки өлкөнүн кызыкчылыктарына туура келерин, аймактагы бейпилдиктин, стабилдүүлүктүн жана коопсуздуктун бекемделишине шарт түзөрүн белгилешти.