Бүгүн, 18-майда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда "Тамашоу" Лигасынын 6-сезонун жыйынтыктоочу оюну өтүүдө. 6 жылдан бери миңдеген күйөрман топтоп, жүздөгөн жаштарды атактуулукка жеткирген "Тамашоу" Лигасынын бүгүнкү оюнунда "Фристайл", "Видеотапшырма" жана "Ким тапан?" сынактары болуп өттү.
"Кыргыз двор": - Айылдын ары жагынан... (ырды улантуу тапшырмасы)
"Позитифф": – Аны айтпа, уят!
"Nо name": – Эмне бар экен оякта?
"NutsТан": – "Пустой дом" тартылган...
"Элестет": – Үнүңө береке!
"Кыргыз двор": – 40 сотых жерди басып алгам.
"Элестет": – Эмне үчүн бизде экономика жок?
"Кыргыз двор": – Анткени айрым чиновниктердин бети жок.
"Nо name": – Силерде билбейм, бизде бар.
"Позитифф": – Атамбаев тамашалашып жүрсө, болмок беле...
"Элестет": – Эмнеге менде фигура жок?
"NutsТан": – Нариман Түлеев мэр болгондо Түштүк магистралды оңдоду, Иса Өмүркулов Сүйөркулов көчөсүн оңдосо, Кубанычбек Кулматов Алма-Ата көчөсүн оңдоп жатат. Бишкек шаарынын көчөлөрү толук оңдолушу үчүн канча мэр керек?
"Бишкек": – Мага баары бир, мен Американын президентимин.
"Позитифф": – Мээ керек!
"NutsТан": – Ош эли Бишкекке батыш үчүн канча жер керек?
"Бишкек": – Силер кандай сайт ойлоп чыкмаксыңар?
"Кыргыз двор": – Айылда ватсапты "уй саап" деп которуп алышкан.
"Nо name": – "Сары жигит" деген.
"Позитифф": – Аталарыбыз мурун ачкан, "уй саайт, кой саайт" деп.
"Позитифф": – Бажы биримдиги эмне алып келет?
"Nо name": – Мага эч пала апкевейт.
"Бишкек": – Бул жерде сөгүнгөнгө болбойт да.
"Nо name": – Сүйүктүүңөр акылдуу, сулуу, бай, дагы кандай болушу керек?
"Кыргыз двор": – Оштук болушу керек.
"NutsТан": – Кыз болушу керек.
"Nо name": - Кончита Вурст болбошу керек. Анан алар бирин-бири көрбөшү керек.
Белгилей кетсек, бүгүнкү оюнда мыкты оюндары менен эң күчтүү деп табылган 6 команда кубок үчүн күч сынашууда. Алар: "Позитифф", "Кыргыз двор", "Элестет", "Бишкек", "Nо name" жана "NutsТан" курама командалары. Сынактын жүрүшүндө командалар дагы "Музыкалык тапшырма" жана "Капитандар сынагы" тапшырмалары боюнча "калчылдашышат".