Эркин күрөш боюнча жаштар арасында Эл аралык мелдеш 24-26-январга чейин Чүй облусунун Кара-Балта шаарында өтөт. Бул тууралуу КРнын Эркин күрөш федерациясынын башкы катчысы Айбек Акматов билдирди. Анын айтымында, мелдеш СССР спортунун чебери Мырсабек Курманалиевдин жаркын элесине арналып өткөрүлүүдө. Маалыматка ылайык, килемге Кыргызстандын бардык аймагынан жана Казакстандан келген 200 балбан 15 салмактык категория боюнча күч сынашат.