Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда катталган жол кырсыгынан 4 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда ӨКМнын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 17-майда саат 22:05 чамасында Каракол-Балыкчы жолунун 72-чакырымда катталган. Анда Фольксваген Пассат жана Тойота Камри үлгүсүндөгү эки унаа кагышып, 4 адам жабыркаган. Куткаруу кызматынын кызматкерлери жабыркагандарды унаалардан чыгарып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен. Учурда бул жол кырсыгына күнөөлүүлөр аныкталууда.