17-майда Бишкек-Ош жолунун 76-чакырымында, Кара-Балта шаарына жакын жерде ири жол кырсыгы катталып, 4 адамдын өмүрүн алып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда ӨКМнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, 4 унаа: Форд Транзит, Мерседес, Тойота Карина жана Мазда унаалары кагышкан. Жыйынтыгында 4 адам каза тапкан. Мындан сырткары 5 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Алардын төртөөсү ошол замат ооруканага жеткирилген.