Депутат Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов бүгүн, 10-январда өтүп жаткан "ата журтчу" депутаттардын сот процессинде сот ишине төрагалык кылып жаткан судья Абдыразак Боромбаевге жана соттук курамга ишенбей турганын билдирип, ишти башка сот карашын талап кылууда. Анын айтымында, судья Абдыразак Боромбаев депутаттарга мыйзамсыз кылмыш иши козголгондугу жактоочулардын арызын канааттандырган эмес жана бул судья объективдүү эмес. Жактоочунун мындай пикирин айыпталып жаткан башка депутаттардын жактоочулары да колдоого алышып, ишти башка соттук курам кароону талап кылышууда. Айта кетсек, учурда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча сот процесси өтүп жатат.
1.Икрамидин Айткулов