Бишкекте "автоунаа уурдаган" деген шек менен эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 19-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Ак-Тилек жаңы конушунун Асылбек аттуу жашоочусу укук коргоо кызматкерлерине кайрылып, өз үйүнүн короосунан белгисиз адамдар Фольксваген-Пассат унаасын уурдап кетишкенин кабарлаган.
Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аталган кылмышка шектүү катары 20 жаштагы Даулет жана 21 жаштагы Тимурлан аттуу жарандар кармалды. Иликтөө улатылууда.