Кечээ, 18-майда саат 21:00 чамасында Бишкектин Ленин районунун Линейная көчөсүндөгү турак үйлөрдүн бириндеги отунканадан өрт чыгып, жанаша жайгашкан эки кабаттуу турак үйдүн сырты күйүп кетти. Кырсыктын кесепетинен жаракат алгандар болгон жок.
Өрттү өчүрүүдө коңшу үйлөрдүн тургундары да жардамга келишти. 20 мүнөт өткөн соң Өрт өчүрүү кызматынын кызматкерлери келип, өрттү толук өчүрүштү. Үй ээсинин айтымында, өрт гаражга жанаша жайгашкан отунканада пайда болгон. “Өрт бат эле гараждын чатырына өтүп кетти. Андан соң 2 кабаттуу турак үйүбүздүн сыртына өттү”,- деди үй ээси.
КРнын ӨКМнын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кырсыктын себеби такталууда.