Парламент комитети бүгүн, 19-майда Ошто көчмө жыйын өткөрөт

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитети бүгүн, 19-майда Ош шаарында көчмө жыйын өткөрөт. Муну парламенттин басма сөз кызматы билдирди. Жыйында 2014-жылдын отчёттук мезгилинде жергиликтүү бюджеттердин аткарылышы боюнча айыл өкмөттөрү баяндама жасашмакчы. Ошондой эле Ош облусундагы бюджеттик мекемелердин 2013-жылы пайдаланган электр энергиялары үчүн карыздары жөнүндө маселе каралат. Бул боюнча "Ош электр" ишканасынын жетекчиси Дыйканбай Даминов маалымат берет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан