Жалал-Абадда "опузалап пара талап кылган" деген шек менен милиция кызматкерине карата козголгон кылмыш иши сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 19-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Жалал-Абад облустук прокуратурасы "кылмыштуу топ түзүп, жарандардан опузалап акча алып турган" деп шектелип жаткан милиция кызматкерине карата козголгон кылмыш ишинин аягына чыгып, сотко өткөргөн.
Эске салсак, Жалал-Абад ОИИБинин уюшкан кылмыштуулукка каршы бөлүмүнүн И.К. аттуу кызматкери К.И. жана К.А. аттуу айымдар менен биргеликте кылмыштуу топ түзгөн. Аталган кызматкер жогорудагы эки айым тарабынан жазылган “зордуктоо тууралуу жалган арыздарды пайдаланып, айрым жарандардан опузалап пара талап кылып турган” деп шектелген болчу.
Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жогорудагы кылмыштуу топко Кылмыш-жаза кодексинин 304-берене (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 305-берене (кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу), 313-берене (опузалап пара талап кылуу), 329-беренеси (атайылап жалган билдирүү жасоо) менен кылмыш иштери козголгон.