Ливия: Куралчан топ парламент имаратын басып алышты

18-майда куралданган белгисиз адамдар Ливиянын борбору Триполдо парламент имаратын басып алышты. Натыйжада 2 адам каза таап, 55и жарадар болду. Муну чет элдик ММКлар жарыялашты.

Маалыматка таянсак, куралданган белгисиз адамдар радикалдашкан ислам топторуна согуш жарыялаган генерал Халиф Хафтардын адамдары болушу мүмкүн экендиги айтылууда.

Өлкөнүн аскер адамдары “парламентти басып алгандар депутаттарга кысым көрсөтүүнү жана ислам күчтөрүн жок кылууну каалап жатышат” деп билдиришти.

Ал эми аларга ким колдоо көрсөтүп жаткандыгы азырынча белгисиз. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан