Бишкекте "19 жаштагы кызды тапанча менен коркутуп тоногон" деген шек менен Чүй облусунун тургуну кармалды

Бишкекте "19 жаштагы кызды тапанча менен коркутуп тоногон" деген шек менен Чүй облусунун тургуну кармалды. Мындай маалыматты бүгүн, 19-майда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматтарга таянсак, Толгонай аттуу 19 жаштагы жаранды 20-25 жаштардагы белгисиз адамдар тапанча коркутуп, “Самсунг-Галакси” үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алышкан. Аталган кылмыштын бетин ачуу үчүн жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында милиция кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Николай аттуу тургуну кармалды. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан