Кыргызстандагы 22 оорукананы оңдоого байланышкан гранттык келишимди парламенттин тийиштүү комитети 3 окууда жактырды

Парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин 19-майдагы жыйынында Кыргызстан менен Эл аралык реконструкциялоо банкынын жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы гранттык келишимдин долбоору 2-3-окууда колдоого ээ болду. Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеванын айтымында, Дүйнөлүк банк келишим алкагында 11 миллион 963 500 доллар бөлүүдө. Бул акчага өлкөдөгү 22 оорукана оңдолот. Ал эми кайсы райондордун ооруканалары оңдоло турганын атайын түзүлгөн комиссия аныктап чыгат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан