Ысык-Ата райондук Салык кызматынын айрым кызматкерлерине “кызмат абалынан пайдаланган” деген шек менен кылмыш иши козголду

Чүй облусунун Ысык-Ата райондук салык кызматынын айрым кызматкерлерине “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген шек менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 19-майда билдирди.

Маалыматтарга караганда, Ысык-Ата райондук Салык кызматынын айрым кызматкерлери кызмат абалынан пайдаланып “Кант нефть иштетүүчү заводу” ЖЧКсынын мамлекетке төгүүчү салыгын жасалма түрдө азайтып турушкан. Жыйынтыгында мамлекетке 5 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Учурда аталган факт боюнча “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан