Бишкек - Кара-Балта жолун оңдоого банктан 100 миллион доллар алуу демилгеси тармактык комитетте колдоо тапты

Бишкек - Кара-Балта унаа жолунун боюн жарыктандыруу жана трассаны кеңейтүү демилгеси ЖКнын тармактык комитетинде колдоо тапты. Маселе бүгүн, 19-майда ЖКнын Эл аралык иштер боюнча комитетинде каралды. Долбоордун демилгечиси транспорт жана коммуникация министрлиги. Бишкек - Кара-Балта шаарларынын ортосундагы 52 чакырым унаа жолду жаңылоого 100 миллион доллар жумшалары айтылууда. Жолдун 9 чакырымы 6 тилкелүү, 41 чакырымы 4 тилкелүү болмокчу. Мындан сырткары жээгинде 3-4 метр кеңдиктеги тротуар курулат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан