Өзгөн районундагы массалык мушташтан жабыр тарткан милиция кызматкерлеринин саны 11ге жетти. Бул тууралуу Ош облустук ИИББнин басма сөз кызматы билдирди. Учурдагы маалыматка ылайык, Өзгөн райондук ИИБнин 11 кызматкери, 11 кытай жумушчусу жана 4 айылдык тургун ооруканага кайрылышкан. Алардын ичинен 2 кытайлык жаран реанимацияга жаткырылып, бирине операция жасалды. “Учурда бардык жабырлануучулардын абалы жакшы. 9-январда күбөлөр сурак беришти. Бүгүн өзүнчө сурактар жүргүзүлөт” деп билдиришти Ош облустук ИИБнин басма сөз кызматынан. Эскерте кетсек, массалык мушташ фактысы боюнча 4 берененин негизинде кылмыш иши козголгон.