Республикалык “СПИД” борборунун билдирүүсү боюнча, 1996-жылдан 2014-жылга чейинки аралыкта ВИЧ инфекциясынан 965 адам каза тапса, анын ичинен 310 адам СПИД стадиясында көз жумган. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда БУУнун "Өнүктүрүү" программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, 2014-жылдын 1-майына карата Кыргызстанда ВИЧ инфекциясы менен 5337 адам катталган. Анын ичинен 5150 адам Кыргызстандын жараны. “Жыл сайын май айынын 3-жекшембисинде аталган илдеттен каза тапкандар эскерилет. Эскерүү күнү алгачкы жолу 1983-жылы Сан-Франциско шаарында өткөн. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо ассоциациясынын билдирүүсүнө караганда, дүйнө жүзү боюнча ВИЧ илдети менен 42 миллиондон ашуун адам жабыркайт. Бирок анын саны күн санап өсүүдө”,- деп белгилейт өкүлчүлүктөн. ВИЧ инфекциясына чалдыккандардын көпчүлүгү 30 жаш чамасындагылар. Акыркы 25 жыл ичинде СПИДден 25 миллион адам каза тапканы маалым. |