Абдулла Гүл өкмөт башчы Оторбаевге: "Боордош элдер оор күндөрдө бири-бирине кол сунушу керек"

Премьер-министр Жоомарт Оторбаев Түркиянын Сома шаарындагы көптөгөн адамдын өмүрүн алган шахта кырсыгына байланыштуу аталган өлкөнүн президенти Абдулла Гүлгө көңүл айтты. Муну өкмөт башчы Түркия лидери менен болгон жолугушууда билдирди. "Кыргызстандын эли Түркия элинин орду толгус жоготуусун тең бөлүшөт. Боордош мамлекеттер мындай учурда бирге болушу керек",- деди Оторбаев. Муну өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 
Абдулла Гүл премьер-министрге ыраазычылык айтып, "боордош элдер оор күндөрдө бири-бирине кол сунушу керек" деди. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан