Депутаттар айыпталып жаткан Камчыбек Ташиевдин наамдарына жана кызматтык даражасына көңүл бурууну соттон өтүнүштү

Бүгүн,10-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда өтүп жаткан депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча сот ишине ЖКнын бир катар депутаттары да катышууда. Алардын бири Курманбек Осмонов соттон депутаттардын алган наамдары менен кызматтык даражаларына көңүл бурууну өтүндү. Ал Камчыбек Ташиевдин аскердик генерал-майор сыяктуу наамдарын эске алуу керектигин белгиледи. Депутаттар Жылдыз Жолдошова, Бөдөш Мамырова, Турсунбай Бакир уулу жана коомдук ишмер Азимбек Бекназаров сот ишине айыпталуучу депутаттардын комдук коргоочусу катары катышууда.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан