Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамына толуктоолор киргизилди

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамына толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду. КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2014-жылдын 16-апрелинде кабыл алынган мыйзам расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Бул тууралуу 19-майда президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Киргизилген толуктоолорго ылайык, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамы менен "Жер астындагы кенди иштетүү жөнүндө" мыйзамы менен макулдашылганга багытталган. Анын ичинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзамына 23-пункт кошулду. Анда жер астындагы кенди иштетүүгө жергиликтүү бийлик органдарын катыштыруу жагы каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан