Индиянын президенти Пранаб Мукерджи 17-майда өлкөнүн премьер-министри Манмохан Сингхтин отставкасын кабыл алды.
Чет элдик ММКлар жарыялагандай, Сингх жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин өкмөт башчынын милдетин аткарып турат. Буга чейин Синх өзүнүн “Индия Улуттук конгресс” партиясы парламенттик шайлоодо жеңишке жетишпесе, кызматтан кетерин айткан болчу.
Индияда 6 аптага созулган парламенттик шайлоонун жыйынтыгы 16-майда жыйынтыкталып, натыйжада "Бхаратия Жаната парти" партиясы жеңишке жеткен. Ал эми “Бхаратия Жаната парти” партиясынын лидери Нарендра Муди премьер-министрлик кызматка барары айтылууда.