Талас. Облуста салык чогултуу боюнча 2012-жылдын планы 101,8 пайызга аткарылды
КРнын Өкмөтүнүн Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн аймакты өнүктүрүү бөлүмүнүн каржы саясаты боюнча жетектөөчү адиси Казыбек Медетбековдун билдирүүсүндө, алдын ала эсептөөлөр боюнча Талас облусунда 2013-жылдын 1-январына карата мамлекеттик бюджетке 345 миллион 273,7 миң сомдук салык төлөмдөрү түшүп, план 101,8 пайызга аткарылган. Башкача айтканда, 6,1 миллион сомдук салык жана башка төлөмдөр пландан ашыкча бюджетке түшкөн. Анын ичинен 2012-жылдын ичинде жергиликтүү бюджетке 142 миллион 551,6 миң сомдук салык төлөмдөрү түшүп, план 106,9 пайызга аткарылган.
Ал эми 2012-жылдын декабрь айынын ичинде эле мамлекеттик бюджетке 36 миллион 541,9 миң сомдук салык төлөмдөрү түшүп, план 106,9 пайызга аткарылса, анын ичинен жергиликтүү бюджетке 11 миллион 694,8 миң сомдук салык төлөмдөрү түшүп, план 167,6 пайызга аткарылган.