Салатка кошулган майонезден ууланган 30 адам Нарын облустук ооруканасында дарыланууда. Бул тууралуу Нарын облустук ооруканасынын директорунун биринчи орун басары Анара Калманбетова бүгүн, 19-майда билдирди.
“Учурда 30 адам Нарын облустук ооруканасында жатат. Алардын абалы жакшы. Эки-үч күндүн ичинде ооруканадан чыгып калышат”,- деди Анара Калманбетова.
Эске сала кетсек, Нарын районунун Учкун айыл аймагындагы Куланак айылында 13-майда ата-энесине куран окуткан Орозбек Исаковдун үйүнө келген адамдар майонез кошулган салатка ууланышкан. Мындан улам алар облустук ооруканага жаткырылышкан.