Бүгүн, 19-майда Ош шаарында Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин көчмө жыйыны өтүп жатат. Жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, айыл өкмөт башчылары, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана эксперттер катышууда. Муну парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Көчмө жыйынды ачып жатып депутат Курманбек Дыйканбаев Ош облусу өлкөнүн эң ири аймагы экенин, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы каржылык саясаттын, анын ичинде бюджеттер аралык мамилелердин эң маанилүү бөлүгү болуп саналарын айтты. "Жогорку Кеңеш менен өкмөт кошумча каражат булактары табылар замат жергиликтүү бюджетти чыңдоо, элет калкынын турмушун жакшыртуу багытында жумшоо аракетин кылат. Анткени алардын көпчүлүгү дотацияда отурат”,- дейт ал.