Бишкекте мас абалында милиция кызматкерине каршылык көрсөткөн жаран убактылуу кармоочу жайга камалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 19-майда билдирди.
Маалыматтарга караганда, Ак-Өргөө конушунун 22 жаштагы Азамат аттуу тургуну мас абалында дүкөндөрдүн биринин эмерегин сындырып салган. Кийин дүкөнгө чакыруу менен келген милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, күч колдонгон. Аталган окуя боюнча 22 жаштагы Азаматка “бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, ал убактылуу кармоочу жайга камалды.