Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин Ош шаарында өткөн көчмө жыйынында Ош облусундагы бюджеттик мекемелердин 2013-жылы пайдаланган электр энергиясы үчүн карыздары жөнүндө маселе каралды. "Ош электр" ишканасынын башкы директору Дыйканбай Даминовдун айтымында, Ош облусундагы бюджеттик мекемелердин электр энергиясы боюнча былтыркы карызы 19 миллион сомду түзөт. "Алардын кайтарымы абдан начар. Быйылкы карыздары да өсүп бара жатат. Кирешеси аз болгондуктан, бюджеттик мекемелердин карызын кайтарып берүүгө алы жетпей жатат. Алардын жарыгын өчүрүп салуу менен маселе чечилбейт. Өзүбүздүн да бюджетке 187 миллион сом карызыбыз бар. Аны да чечишибиз керек",- дейт Даминов.