Ошто электр жабдууларын кышка даярдоо иши үзгүлтүккө учурашы мүмкүн

Ош облусунда электр жабдууларын кыш мезгилине даярдоо иши үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Муну бүгүн, 19-майда парламенттин Бюджет жана финансы комитетинин Ош шаарында өткөн жыйынында "Ош электр" ишканасынын башкы директору Дыйканбай Даминов билдирди. 

"Мамлекеттик мекемелердин абалын түшүнүп турабыз, бирок "Ош электрдин" өзүндө да каражат тартыш. Эгер ушул маселе тезинен чечилбесе, кышка карата даярдык үзгүлтүккө учурашы мүмкүн. Электр чордондору менен электр чубалгылары жана башка жабдуулар эскирди. Биз суук түшкөнгө чейин пландуу оңдоо иштерин жүргүзүшүбүз керек",- дейт башкы директор.

Парламент депутаты Курманбек Дыйканбаев Ош облусундагы бюджеттик мекемелердин 2013-жылдагы электр энергиясы үчүн карызын республикалык бюджеттин эсебинен төлөп берүү зарылдыгын сунуш кылды. "Азырынча мындан башка арга жок. Мекемелердин бюджети чакан, өздөрү карыздан кутула албайт. Ушундай эле кайрылуулар Кыргызстандын башка аймактарынан да түшүп жатат",- деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан