Парламент: Жаратылыш ресурстарын туура пайдалануу боюнча долбоордун бет ачары болду

Бүгүн, 19-майда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү комитетинин жыйынында "Жаратылыш ресурстарын башкаруунун интегралдашкан, туруктуу, көп максаттуу программасы жөнүндө" эл аралык долбоорун иштеп чыгуунун бет ачары өттү.  

Долбоордун бет ачарын К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин ректору Рыспек Нургазиев жасады. Мамлекеттин экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн негизин жаратылыш ресурстары түзөрүн белгилеген ректор долбоордун максаты жаратылыш ресурстарын туура жана рационалдуу пайдалануу экенин айтты. 

Депутаттар экологиялык катастрофалардын алдын алуу, аз чыгым сарптоо менен көп киреше алуу боюнча күтүлүүчү социалдык, экологиялык жана экономикалык жыйынтыктар тууралуу маалымат алып, долбоорду кеңири чөйрөдө жайылтуу зарылдыгын билдиришти.

Долбоорду ишке ашыруунун акча маселесин иштеп чыгуу өкмөткө тапшырылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан