Москва районунда жөө жүрүүчүнү сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды

Москва районунда жөө адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 19-майда билдирди.

Маалыматка караганда, 14-май күнү саат 20:45 чамасында Александровка айылында 9 жаштагы баланы сүзүп, качып кеткен. Окуя болгон жерге "Тез жардам" кызматкерлери келишип, жабыркаган баланы ооруканага алып кетишкен. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, анын натыйжасында 30 жаштагы Эрмек кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан