Бүгүн, 19-майда вице-премьер-министр Эльвира Сариева "Intel" корпорациясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Тараптар билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдү талкуулашканын өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.
Сариева маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар билим берүү системин транформациялоодогу маанилүү элемент экенин белгиледи.
"Мектептерди окуу китептери жана усулдук колдонмолор менен камсыздоонун деңгээли төмөн. Ушу тапта бул көйгөйлөрдү чечүүнүн ар кандай жолдору иштелип жатат. Жакында билим берүү технологияларын өндүргөн компаниялар менен бир катар жолугушууларды өткөрөбүз. Коңшу өлкөлөрдүн тажрыйбаларын карайбыз",- деди вице-премьер.