Жайыл районундагы “Сосновка” өткөрүү бекетинде ири өлчөмдөгү баңгизаты алынды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 19-майда билдирди.
Маалыматка караганда, 18-май күнү “Сосновка” өткөрүү бекетинде Жалал-Абад облусунан келе жаткан Хонда Степвагон унаасы токтотулган. Унаанын ичиндеги 19 жаштагы жүргүнчүнүн сумкасы текшерүүгө алынган. Андан 8 килограмм 242 грамм героин табылган.
Учурда “баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.