Европа Биримдиги Кыргызстанга 19,6 миллион евро өлчөмүндө кайтарымсыз грант бөлдү

Кыргыз өкмөтү менен Европа Биримдиги бир нече келишимге кол койду. Анын негизинде ЕБ Кыргызстанга 19,6 миллион евро өлчөмүндө кайтарымсыз грант бөлдү. Бул тууралуу ЕБдин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди. Маалыматка ылайык, бул жардам социалдык коргоо жана мамлекеттик финансылык башкаруу чөйрөсүнө 13 миллион евро, Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү максатында киреше алып келүүчү жергиликтүү экономикалык демилгелерге 4,5 миллион евро, Миң-Куштагы жана Шакафтардагы уран өндүрүлгөн объектилердеги ядролук коопсуздукту коргоо багытына 2,1 миллион евро каралган.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан