Бишкек: Аймактык журналисттерге парламентаризм боюнча семинар өттү

16-17-май күндөрү Бишкекте аймактык журналисттер үчүн “Кыргызстанда парламентаризмдин калыптанышы жана өнүгүшү. Жогорку Кеңештин негизги иш-милдеттери” аттуу семинар өттү. Иш-чарага республиканын бардык облустарынан келген кабарчылар катышканын ЖКнын маалымат кызматы билдирди. 

Семинардын катышуучуларына эксперт Зайнидин Курманов парламентаризмдин өнүгүүсүнүн негизги этаптары, парламенттин саясий партиялар жана шайлоочулар менен өз ара аракеттенүүсү тууралуу айтып берди. Ал эми Жогорку Кеңештин Регламент жана депутаттык этика боюнча комитетинин бөлүм башчысы Айчүрөк Назаралиева парламенттин мыйзам чыгаруу, өкүлчүлүк жана көзөмөлдөө иш-милдеттери жана депутаттын макамы жөнүндө лекция окуду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан