Ош шаардык жолдор башкармалыгы тарабынан 2014-жылы шаардын жолдорун куруп, оңдоп-түзөө иштерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 105 миллион сом акча каражаты каралып, акыркы 4 айдын ичинде 2 миллион сомдон ашык акча каражаты өздөштүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, 2014-жылга түзүлгөн иш планынын негизинде Тилеке баатыр көчөсүнүн жол курулуш иштери улантылууда. Ал эми Зайнабединов көчөсүнөн Монуев көчөсүнө чейинки 630 метр аралык жолдун курулуш иштери жүргүзүлүүдө. Жолдун курулуш иштерине жергиликтүү бюджеттин эсебинен 20 миллион сом акча каражаты каралган.
Андан тышкары шаардагы бузулуп кеткен жолдорду жамоо иштери 17 миллион сомго жакын бааланып, тендердин негизинде «Сын-Таш» жана «Юждорстрой» ишканалары утуп алып, шаардын жолдорунун оңдоо иштерин 22-майдан тартып аткарууга даярдык көрүшүүдө.