Бүгүн, 19-майда Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов менен «Газпромнефть Азия» компаниясынын директору Е.Абилдаев борбор калаанын инфраструктурасын жакшыртууну биргеликте иш жүзүнө ашырууда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшту.
"Шаарга өмүр тартуулайбыз!" долбоорун ишке ашыруунун алкагында балдар ойноочу аянтчаларды куруу, сейил бактардын аянтын кеңейтүү жагы каралган. "Биз шаардыктардын жашоосун жакшыртышыбыз керек. Бишкек өлкөбүздүн борбору эмеспи. Биздин өнөктөштүгүбүз шаар жана шаар тургундары үчүн жакшы жыйынтык берет деп ишенем",- деди мэр.
Белгилүү болгондой, аталган долбоордун алкагында 20га чукул балдар аянтчасын куруу башталды. Ал эми «Газпромнефть Азия» компаниясынын директору Е.Абилдаев шаардык муниципалитет менен иштешүү жакшы жыйынтык алып келерин белгилеп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.