"Маршруттук таксиде уюлдук телефон уурдаган" деген шек менен Бишкек шаарынын эки жашоочусу кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 19-майда билдирди.
Маалым болгондой, Марат аттуу Бишкек шаарынын жашоочусу "Дилбара аттуу айымдын уюлдук телефонун маршруттук таксиден уурдап алган" деп шектелүүдө.
Ошондой эле борбор калаанын Айнагүл аттуу тургуну укук коргоо кызматкерлерине кайрылып, маршруттук таксиден уюлдук телефонун белгисиз адам уурдап кеткенин кабарлаган. Аталган кылмышка шектүү катары Казбек аттуу шаар тургуну кармалган. Шектүү адам буга чейин да ушундай эле мүнөздөгү 2 кылмышка тиешеси бар болушу мүмкүн экендиги айтылууда. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.