Кыргызстанда жаштарга жыныстык жактан билим берүү демилгеси боюнча коомдук угуу өттү

Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева 15-16-майда Каракол шаарында "Жарандардын репродуктивдик укуктары жана аларды ишке ашыруу кепилдиги жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча коомдук угууга катышты. Иш-чарага аталган шаардагы мектеп мугалимдери, окуучулар, студенттер да катышканын ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.

"2007-жылдан бери иштеп жаткан мыйзамга 2010-жылы мониторинг жүргүзүлүп, анда тукум улоо төрөт жашындагы аялдардын ден соолугунун начардыгынын жана өлүмүнүн башкы себеби болору тууралуу жыйынтык чыгарылган. Кош бойлуулукка, төрөткө организмди даярдоо жана боюнда болгон учурда өз учурунда медициналык кароодон өтүп туруу жөнүндө биздин аялдарда маалыматтын аздыгына байланыштуу төрөттүн 50 пайызы патология менен өтүп, төрөт учурунда каза болгон аялдар көп катталган. Андай аялдардын көпчүлүгүн мигрант аялдар түзгөн. 13-17 жаштагы кыздардын боюнда болуусу көбөйүп кеткен",- деп айтылат билдирүүдө.

Сунушталып жаткан жаңы мыйзамда жарандардын тукум улоо укуктарын ишке ашыруу, балдардын жана өспүрүмдөрдүн гинекологиясын жана андрологиясын өнүктүрүү, тукум улоо чөйрөсүндө маалымдоо, билим берүүнү жана тарбиялоону караштыруу маселеси каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан