Владимир Путин орусиялык аскерлерди Украинага чектеш аймактардан чыгаруу буйругун берди

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөнүн коопсуздук министри Сергей Шойгуга Орусиянын түштүк-батышындагы Ростов, Белгород жана Брянск облустарында аскерий даярдык өткөрүп жаткан жоокерлерди мурдагы орундарына кайтарып алып келүү тапшырмасын берди. Бул тууралуу бүгүн, 19-майда чет элдик ММКлар жарыялашты.

Орусия бийлиги муну аскерий даярдыктардын жазгы фазасынын аякташы менен байланыштырды. “Аскерий даярдыктын жазгы фаза планынын аяктаганына байланыштуу Владимир Путин Ростов, Белгород жана Брянск облустарында аскерий окуу өткөрүп жаткан аскерлерди кайтарып келип, аскерий даярдыктарды жакынкы полигондордо улантуу тапшырмасын берди”,- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан