Оштун мэри шаардагы эстакадалык көпүрөнү бүтүрүүгө өкмөттөн акча сурады

Ош шаарындагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү эстакадалык көпүрөнү куруп бүтүрүүгө акча бөлүүнү суранышууда. Маселе бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин Ош шаарындагы көчмө жыйынында айтылды. 

Жыйында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Ош шаарында курулушу башталып токтоп турган эстакадалык көпүрөгө токтолду. Курулушу менен долбоорун даярдоо иштери катар башталган бул көпүрө боюнча өкмөттүк комиссия экспертиза жүргүзүп, курулуш долбоорунда мыйзам бузуулар бар экенин аныктап, курулуш токтотулганын айтты. Көпүрөнү курууга 40 миллион сом табылганын айткан Кадырбаев калган каражатты республикалык бюджеттен жана башка каржы булактарынан караштырып берүүнү тармактык комитеттин депутаттарынан өтүндү. 

Депутат Мирлан Бакиров дагы эстакадалык көпүрө башталгандан кийин аны орто жолго таштап салбай, курулушун аягына чыгаруу керектигин билдирип, “эл аралык уюмдардан болобу, эстакадалык көпүрөнүн курулушуна каражат таап бүтүрүү зарыл” деди. 

Эл өкүлдөрү бул маселени өкмөт жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен чогуу талкууга алуу керектигин айтышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан